Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Мугалимдин профессионалдык компетенттүүлүгү” деген темада конок лекция болуп өттү


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтун Кесиптик колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиктерине 2024-жылдын 19-мартында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети И. Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту ага окутуучусу Өмүрова Алтынай Абдырахмановна тарабынан “Мугалимдин профессионалдык компетенттүүлүгү” деген темада конок лекция болуп өттү. Конок лекцияга 40тан ашык студент катышып,студенттерге атайын даярдалып келген слайд, видеолор көрсөтүлдү. Келечектеги мугалимдерди даярдоодо алардын профессионалдык компетенүүлүгүн калыптандырууда билим,билгичтик, көндүмгө ээ болушту жана алган билимдерин иш жүзүндө колдонушат деген терең ишеничтебиз. Лекция учурунда студенттер тарабынан суроолор берилип, жеткиликтүү жоопторго ээ болушту.


  • Автор: Айзада Касымбекова
  • Создано: Март 19th, 2024
  • Просмотрено: 198
Alexa Seleno
@alexaseleno