27-28-январда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык борбору Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерин тереңдеп үйрөнүү максатында семинар-тренинг өткөрдү. Иш-чарага окутуучулар активдүү катышып, жыйынтыгында сертификат алышты.