Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

“Сен ооруба ,мен ооруюн Ата-журт!»


12- декабрь Адабият күнүнө карата өткөрүлгөн иш чара:
“Сен ооруба ,мен ооруюн Ата-журт!»
2023-жылдын 7-декабрында ББЗИТИ профессионалдык колледжинде 12-декабрь Адабият күнүнө карата ПНК23-01 «Сен ооруба ,мен ооруюн,Ата-журт!» деген темада кыргыз поэзиясынын өчпөс жылдызы А.Осмоновду эскерүү кечеси болуп өтту.
Кечеге колледждин мүдуру Айнек Карыпбаевна жана зам .директор, тайпанын куратору Чынара Талаповна жана китепканачылар катышты.
Алгач А.Осмоновдун өмүр баяны,чыгармачылыгы жөнүндө слайд аркылуу баяндалып акындын ырларынан көркөм окушуп, «Карышкыр менен козу» котормосун сахнага алып чыгышты. Акындын обондуу чыгармаларынан ырдашты.
Кеченин максаты: акындын өмүрүн чыгармачылыгын анын адабий дүйнөсун тереңирээк ачуу, биргелешип иштөөгө, жаратылышты,Ата-Журтту сүйүүгө ,акындын экинчи өмүр болуп жашап жаткан ырлары менен адам баласынын духун, руханий жан дүйнөсүн тазартуу,байытуу.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 15th, 2023
  • Просмотрено: 566
Alexa Seleno
@alexaseleno