Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Токтогул кесиптик колледжинин «Студенттик кун» майрамына арналган майрамдык кеченин маалыматы


17-ноябрь буткул эл аралык студенттер куну.Тарыхка кылчайсак, Эл аралык студенттердин куну 1946 жылы 17-ноябрда Чехиянын  борбору Прагада студенттердин дуйнолук конгрессинде бекитилген. Чехияда 17-ноябрь Эл аралык студент куну, эркиндик жана демократия учун курош куну катары белгиленип келет.Словакияда болсо бул кун тоталитаризм менен курошуу куну катары майрамдашат.

        Албетте студенттик кун жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын майрамы. Бирок анын тарыхы, экинчи дуйнолук согуш учурунда Чехословакияда башталган трагедиялуу окуяга байланыштуу.

     1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда  улутчул фашисттер тарабынан оккупацияланган студенттер жана окутуучулар олконун тузулгон кунун белгилоо максатында демонстрацияга чыгышкан. Демонстрация басып алуучулар тарабынан токтотулуп,медицина факультетинин студенти ЯН Оплетал окко учкан. Анын олуму коптогон студенттерди кайрадан каршылык акциясына чыгууга мажбур кылган.17-ноябрда жуздогон демонстраттар камалып, Чехословакиянын студенттер кенешинин тогуз активисти эч кандай соту жок атылган. Гитлердин буйругу менен согуш буткончо чех окуу жайларынын бардыгы жабылган жана мулку конфискацияланган.1989-жылы кайрадан студенттердин демонстрациясы уланган.

       Салтка айланган бул майрам Кыргызстандын бардык окуу жайларында белгиленип келет. Токтогул кесипттик колледжи да катардан артта калбай бул кунду кызуу майрамдашты. Окуу жайда майрамдык иш чаралар отуп, студенттер куттуктоолор менен жылуу каалоо-тилектерге арзыды. Студенттер кунуно карата шандуу кече уюштурулуп, ага жуздон ашык студенттер, жана мугалимдер катышты.  Анда студенттер ырдап,бийлеп ар турдуу оюнарды уюштурушуп, женуучулорду баалуу белектер менен сыйлашты. Айтор бул кунду кызыктуу белгилоого болгон аракеттерин жумшашты. Кечени откорууну окуу жайдын 2 курсунун студенттери оз моюндарына алышып,эн жогорку денгээлде уюштурушту.Бул майрам ар бир студенттин эн суйуктуу майрамдарынын бири.

      Бул майрамга жергиликтуу бийлик да конул кош карабай, жаштар жумалыгын жарыялап,конкурстарды откорушту.Женген командаларды баалуу белектер менен сыйлашты.Биздин окуу жайдын студенттери да катышып, байгелуу орундарга ээ болушту. ИСИТО нун ректору экономика илимдеринин доктору профессор Борис Хамидович Кубаев студенттерге жылуу каалоо-тилек айтып, 5 (беш) мин сом акчалай сыйлык тапшырды. Студенттерге арналган бул кече кайталангы с майрамдардын бири болду. Бул кече студенттердин окуу жайга болгон коз карашын озгортуп, сабакка болгон кызыгуусун арттырат деген чон ишеничтебиз.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 25th, 2019
  • Просмотрено: 3439
Alexa Seleno
@alexaseleno