Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

ТЫШКЫ САЯСАТ БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ ОКУЛДУ


Эл аралык укук боюнча адис Джумагулов Кубат маалыматтык технологиялар, менеджмент жана укук кафедрасынын 2-3-курсунун студенттери менен жолугушуп, «Кыргыз Республикасынын учурдагы тышкы саясаты» деген темада лекция окуду.

Жолугушууда соңку окуялардан кийинки Кыргызстандын тышкы саясаты, чек арасынын укуктук маселелери, Кыргыз Республикасынын 2018-2026-жылдарга карата тышкы саясатынын негизги принциптери, кош жарандуулук, чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин жана өкүлчүлүктөрдүн маселелери талкууланды.

Бул жолугушуу студенттердин кызыгуусун жаратып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 22nd, 2022
  • Просмотрено: 440