Институт современных информационных технологий в образовании

Не уставайте делать добро - Жакшылык жерде калбайт

Ж.Турусбековдун 110 жылдык кечеси


        2020-жылдын 26-февралында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Борборлоштурулган  китепканада ушул эле китепкананын жамааты тарабынан уюштурулган, кыргыз адабиятына чоӊ чыйыр из салып кеткен акын , драматург Ж.Турусбековдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болуп өттү . Кечеге Ж.Турусбековдун небереси  м.и.к., доцент Даниярова Асель Санжарбековна , ф.и.д., белгилүү манасчы Таланталы Бакчиев, акын, журналист Тенти Орокчиев , ф.и.д. профессор Аида Эменбердиева ж.б. белгилүү инсандар катышышты.

 

 

        Борборлоштурулган  китепкананын жетекчиси Г. Жоошбаева акын, драматург Ж.Турусбековдун өмүр баяны, чыгармачыгы  жөнүндө доклад окуду .  Китепкананын жамаатынын чакан концерттик программасы болду , акындындын  ырларынан көркөм окулду .Акындын небереси Даниярова Асель Санжарбековна үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөттөрдөн даректүү тасма көрсөттү.  Бул кечеге ББЗИТИнин  кесиптик колледжинин ПНК 18-01, ПНК 17-01 , ПНК 18-02 тайпаларынын студенттери жана окутуучулары А.А.Шейшенбекова, Г.К. Акматкеримова, М.Э. Иcкаковалар барып катышышты  жана ошону менен бирге  эӊ таасирлүү маалымат алып, акындын чыгармачылык дүйнөсү менен таанышып кайтышты.


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 28th, 2020
  • Просмотрено: 1491