билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Ата – Бейит


2024- жылдын 29-апрелинде ББЗИТИ Кесиптик колледжинин кыргыз тили жана адабият сабагынын ага окуутучулары Акматкеримова Г, Искакова М. PNK-23-01, БД-23-02 тайпаларынын студенттери менен «Ата – Бейит»тарыхый мемориалдык комплексине иш сапары менен барып, тарбиялык саат өтүштү.

«Ата- Бейитте» жайгашкан тарых баасын берген урунттуу окуяларды чагылдырган ар бир комплекске: 1916 – жылдагы «Үркүн» окуясы, 1937 – жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон кыргыз интеллигенциясы, дүйнөнү калеми менен багындырган, дүйнөлүк классик-Ч.Айтматов, 7-апрель элдик революциясында шейит кеткен баатырлар жөнүндө окутуучулар студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, куран түшүрүлдү жана гүл чамбарлар коюлду.

«Ак ийилет, бирок сынбайт»деп Ч.Айтматов айткандай кыргыз элинин жаркын жашоосуна өмүрүн арнаган эл баатырлары, сиздердин элесинер азыркы муундун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!

«Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт»!

Сиздерге тереӊ таазим!


  • Автор: admin
  • Жаратылган: 29-апрель, 2024
  • Көрүлдү: 975
Alexa Seleno
@alexaseleno