билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

«Эки элди бириктирген поэзия» «Поэзия, объединившая народы»


«Эки элди бириктирген поэзия»

«Поэзия, объединившая народы»

2022-жылдын 22-февралында ИСИТОнун уюштуруу иштери боюнча проректору Саякова Анара Касымбаевнанын жетекчилиги алдында, Эне тилдин эл аралык күнүнө карата ИСИТОнун “Авангард” кесиптик колледжинде сөз өнөрүн ыйык туткан, жашоого ыр менен келип, ыр менен кеткен, өмүрү ырга айланган кыргыз элинин алп акыны Алыкул Осмонов жана орус элинин улуу акыны Сергей Есениндин «Поэзия, объединившая народы», «Эки элди бириктирген поэзия» деген аталышта ыр кече болуп өттү. Ага студенттер катышып, эки элдин улуу акындарынын өмүрү чыгармачылыгын сахналаштырып, ырларын көркөм окуп, обондуу ырларын аткарып беришти. Кечени колледждин кыргыз тил сабагынын ага окутуучулары, билим берүүнүн мыктылары Закирова Таалайкүл, Акматкеримова Гүлзат, Искакова Махабат жана орус тил сабагынын ага окутуучулары, билим берүүнүн мыктылары Абдуллаева Зухра, Дооронова Лейла даярдашкан.


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 24th, 2022
  • Просмотрено: 1910