билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР


12-декабрда Медициналык колледждин медайым иши бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери куратору Мелис кызы Жазмина менен биргеликте Жаңы жыл майрамын утурлай Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационарлык мекемеге (карылар үйүнө) барып, ата-апаларга майрамдык маанай тартуулап кайрымдуулук көмөгүн көрсөтүп келишти.

Студенттер институтубуздун ректору Кубаев Борис Хамидовичтин “Жакшылык жерде калбайт” деген ураанын колдой бардык адамдарды ата-энелерге мээрим менен карап, аларга жакшылык кылууга үндөштү.

Ошол эле учурда карылар үйүнүн директору Э.Абдылдаева келип кабар алып, көмөк көрсөтүп, карылардын жүзүнө жылмаюу тартуулаганы үчүн студенттерге, Медициналык колледждин жамаатына ырахматын айтып, ыраазычылык катын ыйгарды.

 

 

 

 

 


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 14th, 2022
  • Просмотрено: 412
Alexa Seleno
@alexaseleno