билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

«Кыргызстандын жаратылышын сактоо ар барибиздин милдетибиз.


Адамзат баласынын жашоосу табият менен тыгыз байланышта эмеспи, ботончо кыргыз улутунун турмушу. Жаратылыш адамдар тарабынан тарых бою акыркы учурда, болуп корбогондой булганды. Онор жай ондурушунун 19-20 кылымдарда осуусу, автомобиль индустриясындагы онугуулор жана урбанизация булар адам баласын айлана- чойрону коргоо темасы дагы да кылдат болууга туртуудо. Анткени биз жашай турчу башка жер планетасы жок. Бугункудон эртенкиге чейин «жаны жер шарларын» таап ал жерлерде жашай албаганыбызга караганда айлана-чойрону коргоп жана жер планетасын жашаганга боло тургандай кылуубуз керек. Жаратылыш темасында жоопкерчиликтуу жогорулатуу жана дуйнонун жалпысындагы мамлекеттердин жана айлана- чойро келечектеги муундарга берилуучу эн чон мурас болуп саналат.

Ошондуктан «кенешип кескен бармак оорубайт» деп кесиптештерим менен «Кыргызстандын жаратылышын коргоо» деген темада студенттердин арасында конкурс уюштурууну чечтик.

19ноябрь 2019жылы ИСИТОнун Жогорку билим беруу факультетинин «Педагогика» кафедрасынын эколог мугалимдери: Садыгалиева Г.К, Мамирасулов Э.Ж жана мен жетектеген, «Биология» багытындагы 1 чи жана 2чи курстардын студенттери менен даярдалган «Кыргызстандын жаратылышын коргоо» тематикасындагы конкурс болуп отту.

Конкурстун откоруу планы боюнча томондогудой иш-чаралар камтылган.

  1. Саламдашуу
  2. Музыкалык номер
  3. Кыргызстандын жаратылышын кооздугун даназалаган слайд.
  4. Бий
  5. Кыргызстандын экологиялык проблемаларын чагылдырган видео слайд.
  6. Кайра иштетип чыгууга мумкун болгон калдыктардан жасаган студенттердин кийим коргозмосу.
  7. Хор
  8. Жыйынтыктоо.

Конкурста студенттер оз онорлорун корсотуп, ыры, бийи жана кийинген кийимдери менен калыстар тобун жана залда олтурган коруучулорду тан калтырышты. Студенттер таштандылардан жасалган кийим коргозмосу менен отурган конокторду кайдигер калтырган жок.

Биздин биолог-лаборант кесибинде билим алып жаткан студенттерибиз оз онорлору менен коптогон дагы сыйлыктарга жетишерине кумон санабайбыз. Келечекте студенттерибиз коптогон ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын экологиясын жакшыртууга чон салымдарды кошо алат деген умутубуз чон.

Турусбекова Асель «Педагогика» кафедрасынын окутуучусу

 

 


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 25th, 2019
  • Просмотрено: 2306