билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Ж.Турусбековдун 110 жылдык кечеси


2020-жылдын 26-февралында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Борборлоштурулган китепканада ушул эле китепкананын жамааты тарабынан уюштурулган, кыргыз адабиятына чоӊ чыйыр из салып кеткен акын , драматург Ж.Турусбековдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу кече болуп өттү . Кечеге Ж.Турусбековдун небереси м.и.к., доцент Даниярова Асель Санжарбековна , ф.и.д., белгилүү манасчы Таланталы Бакчиев, акын, журналист Тенти Орокчиев , ф.и.д. профессор Аида Эменбердиева ж.б. белгилүү инсандар катышышты.

 

 

Борборлоштурулган китепкананын жетекчиси Г. Жоошбаева акын, драматург Ж.Турусбековдун өмүр баяны, чыгармачыгы жөнүндө доклад окуду . Китепкананын жамаатынын чакан концерттик программасы болду , акындындын ырларынан көркөм окулду .Акындын небереси Даниярова Асель Санжарбековна үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөттөрдөн даректүү тасма көрсөттү. Бул кечеге ББЗИТИнин кесиптик колледжинин ПНК 18-01, ПНК 17-01 , ПНК 18-02 тайпаларынын студенттери жана окутуучулары А.А.Шейшенбекова, Г.К. Акматкеримова, М.Э. Иcкаковалар барып катышышты жана ошону менен бирге эӊ таасирлүү маалымат алып, акындын чыгармачылык дүйнөсү менен таанышып кайтышты.


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 28th, 2020
  • Просмотрено: 1489