билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ БИОЛОГУ АНЫКТАЛДЫ


ББЗМТИде «2022-жылдын мыкты биологу» аттуу биология багыты боюнча 1-2-3-курстун студенттери арасында сынак өттү.

Иш-чарада 1-курстун «Адреналин», 2-курстун «ДНК», 3-курстун «Лаборанттар» жана «Хризантема» аттуу төрт командасы ат салышты.

Биринчи турда үч минуттун ичинде ар бир команда өзүнүн саламдашуусун, эмблемасы жана девизин жакташты. Экинчи тур эксперимент менен коштолуп, 1-курстун студенттери жасалма кан, күйбөс жоолук сыяктуу тажрыйбаларын, «ДНК» тайпасы залда көрүүчүлөрдүн биринин канынын тобун жана резус факторун аныктап, андан сырткары сфетофор жана кычкылтекти алуу тажрыйбаларын көрсөтүштү. БКЛ-20-01 тайпасы кандагы глюкозаны аныктоону, ал эми БКЛ-20-02 тайпасынын «Хризантема» командасы микроскоптон нормалдуу тамактанган жана Кока-Кола ичкен адамдын канынын түзүлүшүндө кандай айырмачылыктар бар экенин түшүндүрүштү. Музыкалык номерде «Лаборанттар» өздөрү чыгарган «Младший лаборант» аттуу ырын, «Хризантема» тайпасы «Тик-так», «ДНК» — «Улыбайся», «Адреналин» — «Жашоо керемети» деген чыгармаларын мыкты аткарышты.

4-тур — экологиялык дефиледе ар тараптуу таланттарын тартуулашса, 5-турда блиц сурамжылоо болуп, ага окутуучу Г. Айдаралиева даярдап келген биологияга байланыштуу суроолору менен студенттерди кызыктарга салды. Бий номеринде «Лаборанттар» — кыргыз бийин, «Хризантема» — испан бийин, «ДНК» попурри жана «Адреналин» — индия бийин тартуулады.

Жыйынтыгында 1-даражадагы дипломго 1-курстун студенттери, 2-даражадагы дипломго «Лаборанттар», 3-даражадагы дипломго «ДНК» жана «Хризантема» командасы татыктуу болду. Сыйлыктарды институттун ректору, э.и.д., проф. Б.Кубаев жана жогорку кесиптик билим берүү факультетинин деканы Г. Дуйшенбиева тапшырды. Сынакты окутуучу А.Турусбекова жана К.Сакишова мыкты деӊгээлде алып барды.

Иш-чара жогорку кесиптик билим берүү факультетинин педагогика жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты Б.Мааткеримов жана окутуучулары — биология илимдеринин кандидаты Т.Токтоева, Ч.Ибраева, А. Турусбекова жана К.Сакишованын демилгеси менен өттү.

 

 


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 19th, 2022
  • Просмотрено: 576
Alexa Seleno
@alexaseleno