Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Goodness is not left on the ground

ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО АРНАЛДЫ


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту 13-декабрда жазуучу, Кыргыз эл баатыры Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Кыргыз адабиятынын залкары – Түгөлбай Сыдыкбеков” аттуу илимий-тажрыйбалык тегерек стол өткөрдү.

Ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ишеналиева Аида, “Түгөлбай ата” коомдук бирикмесинин мүчөсү, Т.Сыдыкбековдун мурастарын жайылтуучу Ибраимов Алихан, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө Т.Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачылык жолуна арналган кызыктуу, баалуу баяндамаларга орун берилди. Жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык каттар менен дипломдор тапшырылды.


  • Author: admin
  • Created: Декабрь 14th, 2022
  • Viewed: 1016
Alexa Seleno
@alexaseleno