билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

2023-жылдын 2-ноябрында 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болду


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун Медициналык колледжинде 2023-жылдын 2-ноябрында 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болду. Жолугушууга колледждин окуу тарбия иштери боюнча директорунун орун басары К.Т Төлөмүшева, “Медициналык айым иши” бөлүмүнүн башчысы Ж.Токторалы кызы, “Дарылоо жана акушердик иш” бөлүмүнүн бөлүм башчысы Ж.Б.Бейшенбекова, “Ортопедиялык стоматология” бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Куванычбеков, кураторлор катышышты.

Колледж тууралуу маалымат, медициналык билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, колледждин жүргүзүп жаткан ишмердиги, адистиктер, сурамжылоо жүргүзүү маселелери, студенттердин тазалыгы, окуусу жана тартиби жөнүндө айтылды.

Жыйын ата-энелердин суроо-жооп, сунуш пикирлери менен коштолуп, ата-энелер тарабынан берилген суроолорго жеткиликтүү жооптор айтылды. Жыйындын соңунда ата-энелер медициналык колледждин эмгек жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Жолугушууга протокол түзүлүп , ата-энелер тарабынан айтылган сунуштар-пикирлер эске алынып, катышкандардын тизмеси тиркелди.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 9th, 2023
  • Просмотрено: 595
Alexa Seleno
@alexaseleno