2024- жылдын 29-апрелинде ББЗИТИ Кесиптик колледжинин кыргыз тили жана адабият сабагынын ага окуутучулары Акматкеримова Г, Искакова М. ПНК-23-01, БД-23-02 тайпаларынын студенттери менен «Ата – Бейит»тарыхый мемориалдык комплексине иш сапары менен барып, тарбиялык саат өтүштү.
«Ата- Бейитте» жайгашкан тарых баасын берген урунттуу окуяларды чагылдырган ар бир комплекске: 1916 – жылдагы «Үркүн» окуясы, 1937 – жылдагы репрессиянын курмандыктары болгон кыргыз интеллигенциясы, дүйнөнү калеми менен багындырган, дүйнөлүк классик-Ч.Айтматов, 7-апрель элдик революциясында шейит кеткен баатырлар жөнүндө окутуучулар студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, куран түшүрүлдү жана гүл чамбарлар коюлду.
«Ак ийилет, бирок сынбайт» — деп Ч.Айтматов айткандай кыргыз элинин жаркын жашоосуна өмүрүн арнаган эл баатырлары, сиздердин элесинер азыркы муундун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!
«Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт»!
Сиздерге тереӊ таазим!