билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ БИЛЕГИ КҮЧТҮҮ БИРДИ ЖЫГАТ


“Студенттердин достук кубогу — 2021” интеллектуалдык оюну Баткен мамлекеттик университетинде өттү. Салтка ылайык өлкөнүн Түштүк аймагындагы ЖОЖдор арасында өтүүчү сынак студенттердин алган билимин бышыктоо, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлөт. Бул жолу жалпысынан БатМУ, ОшМУ, ИСИТО институтунан 8 команда катышып, гуманитардык жана так илимдер боюнча билим күчүн сынап көрүштү.
3 тур менен өткөрүлгөн таймашта мыкты командалар калыстар курамынын баалоосу менен аныкталды. Мындай билим таймашы студенттердин интеллектуалдык деңгээлин гана сынап көрбөстөн, студенттер арасында ынтымак-достукту бекемдөөгө, ЖОЖдор аркылуу тажрыйба алмашууга шарт түзгөн аянтча болуп калды.
«Бара-Кух» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулган интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Баткен мамлекеттик университети тарабынан диплом жана акчалай сыйлык, катышуучулар үчүн керектүү болгон китептер белекке берилди.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 16th, 2021
  • Просмотрено: 1236
Alexa Seleno
@alexaseleno