Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Goodness is not left on the ground

The Japanese delegation in Isito was a key step to expand cooperation and attract students to international experience


ИСИТОдо Япониялык делегация менен жолугушуу өттү
Кызматташтыкты кеңейтүү жана студенттерди эл аралык тажрыйбага тартуу багытында маанилүү кадамWhatsApp Image 2025-10-15 at 15.08.11

15-октябрда ИСИТОдо Япониядан келген делегация менен жолугушуу болуп өттү. Делегациянын курамында Кобе шаарынын пландоо жана координациялоо боюнча аткаруучу директору Кен Фжиока, Кыргызстандын Япониядагы ардактуу консулу Мичинори Ецукаши, жана Кобе Кокусай университетинин өкүлү болушту.
Проректор Эмиль Каниметов, медициналык колледждин директору Светлана Волкова, ректордун кенешчиси Чынгыз Кошоев жана ИСИТОнун окутуучулары конокторду жылуу тосуп алышып, Кобе шаарынын администрациясынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашып, студенттерди кам көрүү жана медицина тармагында даярдоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниеттерин билдиришти.
Жапон тарап мурдагы кызматташтыктын ийгиликтүү тажрыйбасын баса белгилеп, учурда Японияда ИСИТОнун 80ге жакын бүтүрүүчүсү ийгиликтүү эмгектенип жатканын билдирди.
Бул жолугушуу ИСИТОнун с туденттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болду.WhatsApp Image 2025-10-15 at 15.08.09WhatsApp Image 2025-10-15 at 15.08.10 (1)

WhatsApp Image 2025-10-15 at 15.08.30


  • Author: admin
  • Created: October 15th, 2025
  • Viewed: 33
Alexa Seleno
@alexaseleno