билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

«Кыргыз, казак тилдериндеги термин жана терминология маселелери» — темадагы тегерек стол өткөрүлдү


Аталган окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Акылбек Шаршенбаев маалымдагандай, бул тегерек столдо Бишкектеги жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мындан сырткары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин, М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинин окумуштуулары, Билим берүү министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ѳкүлдѳрү, КР УИАнын Ч.Т.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери катышышты.

Бул иш-чарада кыргыз, казак тилдеринин терминологиялык маселелеринин азыркы абалы, которуу, колдонуу, кабыл алынган сѳздѳр тууралуу илимий-практикалык ой-пикирлер айтылып, талкууланды.

Казакстандан келген коноктор: Тараз мамлекеттик университетинин доценти Ыбырайым Азимхан Оразбаевич “Казак тилиндеги тармактык терминологиялык сѳздүктѳр” деген темада доклад окуса, Шилибек Кенжегали Кошкарбайулы “Техникалык терминдер жана аларды которуу маселелери” деген темада кызыктуу баяндамаларды жасашты.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө медициналык, юридикалык, дипломатиялык терминдер, европалык тилдерден келген кабыл алуулар жана алардын кыргыз тилиндеги котормолору ѳңдүү актуалдуу проблемалар козголду.

Жыйындын жүрүшүндѳ окуу жайдын ректору Борис Хамитович Кубаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен сыйланды.

Иш-чаранын соңунда термин жана терминология маселелерин өркүндөтүү боюнча талкуулар болуп, тиешелүү чечим кабыл алынды.

ТЕГЕРЕК СТОЛДУН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

  1. Жыл сайын февраль айынын ичинде Мамлекеттик тилдин маанилүү маселелерине арналган илимий-практикалык тегерек стол, конференцияларды Билим берүүдѳгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда ѳткѳрүп туру.
  2. Бүгүнкү тегерек столдун материалдарын Билим берүүдѳгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун илимий журналына басып чыгаруу.
  3. Казак тилинин терминология маселелери боюнча пикир алышууну, тажрыйба алмашууну күчѳтүү .
  4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташууну бекемдѳѳ

  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 20th, 2017
  • Просмотрено: 2781