Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Жакшылык жерде калбайт

КЫРГЫЗ ТИЛИ, АДАБИЯТЫ ЖАНА ТАРЫХ КАФЕДРАСЫ АЧЫЛДЫ


Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунда окуу жайдын ректору Кубаев Борис Хамитовичтин демилгеси менен студенттерге кыргыз тилин, адабиятын, тарыхын тереңдеп үйрөтүү максатында атайын интенсивдүү курстарды уюштуруу үчүн кыргыз тили, адабияты жана тарых кафедрасы түзүлдү.

Институтта мындай кафедранын ачылышы студенттер үчүн жагымдуу жаңылык катары кабыл алынды. Анткени тилди, тарыхты тереңдеп үйрөнүү жаш муундар үчүн өтө зарыл.

Курсту ийгиликтүү аяктагандарга 36 сааттык сертификаттар берилет.


  • Автор: admin
  • Создано: Февраль 7th, 2023
  • Просмотрено: 333
Alexa Seleno
@alexaseleno