билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Мамлекеттик тил күнү белгиленди


2023-жылдын 25- сентябрында ББЗИТИнин Кесиптик колледжинин окутуучулары жана студенттери тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик тил- биримдиктин жана достуктун тили» аталышындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына арналган майрамдык кече болуп өттү.

Майрамдык кечени ББЗИТИнин Мамлекеттик тил боюнча проректору ф.и.к. Шаршенбаев Акылбек Кадырбекович ачып, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүнө токтолуп өттү. Өз сөзүндө мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалына саресеп салып, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кетти.

Иш- чарада өз ишинде өзгөчөлөнгөн окутуучулар Республикалык “Кыргыз тили” коомунун “Ыйык тил” төш белгилери менен сыйланышты


  • Автор: admin
  • Создано: Октябрь 3rd, 2023
  • Просмотрено: 576
Alexa Seleno
@alexaseleno