2018 – жылдын 23-ноябрында ББЗИТИнин Чоң актовый залында сырткы байланыш аймактык билим берүү жана практикалык жактан даярдоо департаментинин башчысы С.Б.Волкова, “ Дарылоо иши” бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Бейшенбекова , 4 – курстун жетекчиси А.Т.Мырзакулованын катышуусунда медициналык колледжинин “Дарылоо иши” адистигинин 4-курсунун студенттерине квалификация алдындагы практиканын өтүлүшү боюнча чогулуш өткөрүлдү.
Чогулушта практиканын өтүү убактысы, программасы, күндөлүктүн толтурулушу тууралуу инструктаж берилди.