ИСИТОнун жетекчилиги Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер орто мектебине өз ара мамилелер саясатын жүргүзүү жана мындан ары кызматташуу максатында мектепке көргөзмө куралдар, стенддер менен кабинеттерди жасалгалоого демөөрчүлүк көрсөттү. Жаңы-Жер мектеп-комплекс лицейинин директору Шеримбеков Меделкан ИСИТОнун башкаруучусуна Кубаева Фатима Борисовнага жана ИСИТОнун окуу- тарбия иштери боюнча проректору Кубаева Мадина Борисовнага терең ыраазычылык билдирди