билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

МИТАЛИП МАМЫТОВ ББЗИТИде


1-декабрда ББЗИТИнин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер акдемиясынын академиги, профессор, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын нейрахирургия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун илимий кеңешинин консультанты Миталип Мамытов студенттерге дарс окуду.

Миталип Мамытов мындай дарстарды окуу жайдын студенттери үчүн жыл сайын келип окуп берип турат. Бул жолку лекция анын “Гениальность — корона мудреца, духовность безумца” аттуу китебинин ички мазмунуна арналды. Лекцияны медициналык колледждин дарылоо иши, айымдык иш жана фармация адистиктеринин студенттерине окуду. Анда бул эмгеги бүткүл дүйнөнү каптаган пандемия учурунда жазылган эмгек экенин, дегеле пандемиянын дүйнөгө тийгизген таасири, оң жана терс жактарына кененирээк токтолду. Китепке мындан тышкары, өзүнүн башынан өткөргөн урунттуу окуялар, Кыргызстанга белгилүү инсандар менен болгон маектери кирген.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 7th, 2022
  • Просмотрено: 500