билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Некролог. Кубаев Борис Хамитович


KB Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО), институттун негиздөөчүсү жана анын ректору, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык академиянын академиги КУБАЕВ Борис Хамитовичтин 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнөдөн кайткандыгын терең өкүнүү менен билдирет.

Б.Х.Кубаев 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тили факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин, университетте окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчы, декан, проректор кызматтарын аркалаган.

1992-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун директору, 2009- 2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген.

2003-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун ректору кызматында эмгектенип келди (ИСИТО).

1983-жылы Алма-Ата шаарында Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде кандидаттык, 1999-жылы докторлук диссертациясын экономика багыты боюнча ийгиликтүү коргогон. Муну менен катар, проза менен поэзияга абдан кызыккан инсан эле. Токсондон ашык илимий-популярдуу, көркөм чыгармалардын автору.

Кубаев Борис Хамитович Кыргыз билим берүү тармагына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер мамлекеттик наамын алган. Мындан сырткары, КМШ өлкөлөрүнүн сыйлыктарын ээси. Мыкты жетекчи, уюштургуч жана кыргыз элинин мекенчил азаматы катары элдин эсинде калды.

Институттун профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!


  • Автор: admin
  • Создано: Октябрь 5th, 2023
  • Просмотрено: 878
Alexa Seleno
@alexaseleno