16-мартта гуманитардык жана тил дисциплиналары кафедрасы тарабынан Нооруз майрамы белгиленди.
Майрамга АКШ элчилигинин өкүлдөрү, окуу жайдын жетекчилери катышып, студенттер жана окутуучулардын күчү менен даярдалган майрамдык иш-чарага күбө болду. Анда улуттук тамак-аштын түрлөрү, ыр-бий, оюндар көрсөтүлдү. Кече көпчүлүктүн купулуна толуп, жагымдуу маанай тартуулады.