билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

ОКУТУУЧУЛАР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЛЕКТ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮШТҮ


ББЗИТИнин Гуманитардык жана тил дисциплиналары кафедрасынын окутуучулары 2024-жылдын 25 — 27-мартында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетитин Мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган Бишкек шаарынын ЖОЖдорунун окутуучулары үчүн 72 академиялык саат көлөмүндөгү “Тилдерди кесиптик багытта окутууда жасалма интеллектти колдонуу технологиялары” деген аталыштагы семинар-тренингге катышышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар “Студенттерди окутууда жасалма интеллектти колдонуу технологиялары”, “Жасалма интеллектти колдонуу аркылуу илимий иш жазуунун алгоритми”, “Active learning” деген темалар боюнча сабактарга активдүү катышышып, илимий изилдөө жүргүзүүдө, окутууну баалоодо жасалма интеллект платформаларын колдонуу, анимациялык сүрөттөрдү жасоо жана ачык- тарбиялык сабактардын даяр иштелмелерин колдонуу багытында жаңы маалыматтарга ээ болушту. Семинар-тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга тастыктамалар берилди


  • Автор: Айзада Касымбекова
  • Создано: Апрель 1st, 2024
  • Просмотрено: 148
Alexa Seleno
@alexaseleno