Медициналык колледждин фармацевтика адистигинин студенттери окутуучусу Каныбекова Алия менен биргеликте Бишкек шаарындагы карылар үйүнө барып келишти.
Ал жерде студенттер карыяларга жана кызматкерлерге жардамын көрсөтүп, бөлмөлөрүн жыйнап, жууп-тазалап, кээ бир карыяларга кам көрүштү. Ашпозчуларга түшкү тамак даярдашып, кызмат кылышты.