билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

СТУДЕНТТЕР УИАда ЭКСКУРСИЯДА


24-октябрында компьютердик техника жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык камсыздоо жана маалымат коопсуздугу адистигинин студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Ж.Жээнбаев атындагы Физика институтунда экскурсияда болушту.

«Кристалл физикасы жана радиометрия» лабораториясында студенттер оптикалык приборлор жана алардын иштөө принциптери менен таанышты. Профессор Г. Денисов ультра кызгылт көк нурлануу менен дүүлүккөндө иондук бирикмелердин монокристаллдарынын фотолюминесценция процессин көрсөтүп берди.

Башка бөлмөдөн улук илимий кызматкер У. Мамытбеков студенттерге спектрдин ультрафиолет, көрүнгөн жана жакын инфракызыл аймактарында иштеген спектрдик приборлор (спектрометрлер) жөнүндө айтып берди. Ошондой эле үй ичиндеги абадагы радондун концентрациясын өлчөөчү радиометр жана эсептөө ыкмалары тууралуу маалымат берди.

Андан кийин профессор Г.С. Денисов студенттерге СП-8 “УНИКАКМ” спектрофотометринин иштешин жана иондук монокристаллдардын абсорбциялык спектрлерин алууну көрсөттү. Студенттер өздөрү монокристаллдарда фотолюминесценцияга байкоо жүргүзүү боюнча эксперименттерди жүргүзүштү. Тур абдан кызыктуу болуп, институттан алган билимин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышты.


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 22nd, 2022
  • Просмотрено: 463
Alexa Seleno
@alexaseleno