билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Заманыбыздын залкар жазуучу, Кыргыз эл баатыры, көөнөргүс талант,көркөм сөздүн устаты Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай Институтубуздун сөз баалаган акын-жазуучу студенттеринен куралган “Жаш кыял” адабий клубу


Заманыбыздын залкар жазуучу, Кыргыз эл баатыры, көөнөргүс талант,көркөм сөздүн устатыЧыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай Институтубуздун сөз баалаган акын-жазуучу студенттеринен куралган “Жаш кыял” адабий клубу

Ч. Айтматовдун өмүрү,чыгармачылыгына арналган адабий жана илимий кече өткөздү. Иш-чараны уюштуруудагы максат — ааламга аты кеткен Айтматовдун дүйнөсүнө дагы бир жолу назар таштап, студенттер менен бирге даңазалоо болду.

Окуу жайыбыздын 1-проректору Саякова М.К. куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып Айтматов дүйнөсү ар тараптуу жана чексиз экендигин,чыгармачылыгындагы тарбияны, улуулукту биз улам жаш муундарга тереңдетип түшүндүрүп баруубуз керектигин айтып өттү.

img_9247

Кечеде жазуучунун басып өткөн жолу боюнча докладдар жасалып, чыгармаларынын негизинде жазылган обондуу ырлар аткарылып, сахналык көрүнүштөр коюлду. Катышуучулар жазуучунун көркөм окулган чыгармалары боюнча студенттер тарткан сүрөттөрдүн, дубал гезиттердин көргөзмөсүнө да күбө болушту.

Иш-чара сынакка катышкан студенттердин жеңүүчүлөрүнө акчалай байге тапшыруу менен аяктады.

img_93vrnokeno19

img_9313


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 15th, 2017
  • Просмотрено: 4051