билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

2024 жылдын 29-30 ноябрында Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо «Аялдар ойлоп табуучулукта,илимде,креативдүү индустрияда жана ишкерликте» деген аталыштагы форум өттү.Бул иш чарага ББЗИТИнин кесиптик Колледжинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алиева Чынара Талаповна катышты.


 

Форумдун негизги максаты – аялдардын илимий жетишкендиктерин жана коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымын даңазалоо, тажрыйба алмашуу аркылуу кесипкөйлүгүн арттыруу жана алардын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү болгон. Форумдун алкагында “Илимдеги жана креативдүү индустриядагы аялдар – өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” деген аталыштагы китеп жарык көрдү. Китепте Кыргызстандын 100 көрүнүктүү аялдарынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери чагылдырылган. Аталган эмгекте Алиева Чынара Талаповнанын илимий иштери жана креативдүү демилгелери дагы камтылган.

WhatsApp Image 2024-12-03 at 13.57.22


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 4th, 2024
  • Просмотрено: 11
Alexa Seleno
@alexaseleno