ББЗИТИнин Баткен филиалынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери түрк боордошторго кол сунду.
Иш-чара айтылбай келген апааттан жабыр тарткандарды колдоо жана кыргыз-түрк бир тууган эл экенин, бири-бирин дайыма колдоого даяр экендигин билдирүү максатында өттү. Окутуучулар жана студенттер акча каражатын чогултуп, “кыргыз эли, тагыраагы ББЗИТИнин Баткен филиалынын студенттери жана окутуучулары сиздер менен” деген кайрылуусун жолдошту.