ББЗИТИнин Баткен филиалында «Аялзаттын бактысы» аттуу иш-чара болуп өттү.
Ага КР эмгек сиңирген медицина айымы, жугуштуу оорулар боюнча жогорку категориядагы дарыгер — Жороева Каныгул Саматовна, Баткен областтык мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси — Дуйшеева Уулкан Азизбаевна катышты. Студенттер менен биргеликте «Аял канткенде бактылуу болот?», «Коомдун күзгүсү — аял» , «Дени сак эне — дени сак улут» деген темаларда баарлашып, студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришти.
Мындай иш-чаралар мындан кийин да дайыма өтүп тураарын филиалдын жетекчиси Каныбек Байышбекович билдирди.