Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Жакшылык жерде калбайт

ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ


Маалыматтык технологиялар, башкаруу жана укук кафедрасы тарабынан 2-декабрда “Билим берүүдөгү санариптик технологияларды өнүктүрүү” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Иш-чарада мугалимдин кесиптик ишмердигинде МКТ каражаттарын жана методдорун колдонуу, билим берүү процессин башкарууну маалыматташтыруу, жасалма интеллект, банктык чөйрөдө электрондук каражаттарды иштеп чыгуу жана колдонуу, илимий изилдөөлөрдө математикалык жана маалыматтык моделдөө, билим берүү жана илимде маалыматтык ресурстун потенциалын пайдалануу, IT билим берүү системасындагы инновациялык маалыматтык-педагогикалык технологиялар деген темалар каралып, окутуучулар тарабынан баяндамалар жасалды.

Акырында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 5th, 2022
  • Просмотрено: 422
Alexa Seleno
@alexaseleno