Студенттик күндөр керемет,
 Ал күндөргө эмне тең келет.
 Баа жеткис баалуу күндөрүм,
          Жамгырдай кеттиң себелеп дегендей
Институтта 11-ноябрь күнү “1-курстарды тосуп алуу аземине”, “ИСИТО нун 16 жылдык туулган күнүнө” жана “Студенттердин эл аралык күнүнө” арналган атайын майрамдык концерт уюштурулду.
Майрамдык кечеде ар улуттун бийлери, ырлары студенттер тарабынан чебер аткарылды. Студенттерди куттуктап “ЭЛМУЗ” тобу “Балалык”, “Кыздар ай” чыгармаларын жандуу аткарып беришти.
1-курстарды тосуп алуу аземинде окуу иштери боюнча проректор Бакыт Асранбекович Мааткеримов билим ачкычын жана зачеттук китепчени студенттерге расмий түрдө тапшырды.
Студенттик шаарчанын директору К.Б. Жаникулов

 
	 Anti-corruption
Anti-corruption Site map
Site map Feedback
Feedback Single window
Single window