билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жыл


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2024-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Аталган иш-чаранын планына ОшМУнун 85 жылдык юбилейин өткөрүү киргизилди.

ББЗИТИнин профессорди, Бабаев Дөөлөтбай Бабаевичти, ОшМУнун профессордук-окутуучулук жамаатынын жана студенттеринин атынан 2024-жылдын 31-майында өттү окуу жайдын 85 жылдык салтанаттуу мааракелик аземине сыйлуу конок катары чакырыптыр!

Иш-чаранын жүрүшүндө “Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аталышындагы форум өттү. Салтанаттуу жабылуу аземи Ош шаардык А.Сүйүнбаев атындагы стадионунда маданий-массалык, шоу-программалардын коштоосунда өттү.

Аныктама:

Ош мамлекеттик университетинин тарыхы 1939-жылы ачылган Ош мугалимдер институтунан башталат. Ош мугалимдер институту 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту болуп өзгөрүп, 1992-жылдан тартып Ош мамлекеттик университети катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 18-июлундагы Жарлыгына ылайык окуу жайга «Өзгөчө статус» берилди.

Учурда ОшМУ классикалык университеттен 4.0 муундагы: ЖОЖ-илим-өндүрүшкоммерциализация багытындагы университетке айланууда.


  • Автор: admin
  • Создано: Июнь 3rd, 2024
  • Просмотрено: 357
Alexa Seleno
@alexaseleno