2021-жылдын 14,16-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык борбору Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун окутуучуларына, кызматкерлерине иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана кыргыз тилинин жазуу эрежелерин тереңдеп үйрөнүү максатында семинар-тренинг өткөрдү. Семинар-тренингди Окуу-маалыматтык борборунун директору А.Исманкулова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Абдыжапар уулу Мундузбек алып барды. Окуудан ийгиликтүү өткөн кызматкерлерге сертификаттар берилди.
- About ISITO
- Rectory
- Structure
- Regulations
- Educational process
- Science
- External Relations
- student life
- Applicants
- Personnel
- ISITO Alumni Association
- галерея
- Contacts