билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

“КЫЗГА КЫРК ҮЙДӨН ТЫЮУ”


ББЗИТИнин Баткен филиалында “Кызга кырк үйдөн тыюу” аттуу тегерек стол өттү.

Иш-чараны директордун окуу иштери боюнча орун басары, Кыздар кеңешинин төрайымы Мавлюда Манаповна жана окутуучулар өткөрүп, ага 1-2-курстардын студенттери катышты. Алгач кыздардын жүрүм-туруму, адеби жана келечеги жөнүндө видео ролик көрсөтүлүп, “Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Эжени көрүп сиңди өсөт, аганы көрүп ини өсөт”, “Кыздын кырк чачы улуу”, “Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот”, “Жакшы кыз жакадагы кундуз, жакшы бала асмандагы жылдыз” деген сыяктуу кыздарга таандык макал-лакаптарды, учкул сөздөрдү чечмелөө менен башталды.

Мавлюда Манаповна колледжде жалпы 142 студент болсо, алардан 92% кыздар экендигин айтып, алардын жүрүм-туруму, чыр-чатакка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берди. Окутуучулар тарабынан “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген темада баяндама жасалды. Окуу жайдын методисти Р.Убайдулоева кыз баланын намысынын ыйыктыгы, назиктиги, улуулугу, келечектеги эне болуу бактысы, турмушта өз ордун таба алуусу тууралуу маалымат берип, бул ыйыктыктарды сактай билүү ар бир кызга таандык экендигин баса белгиледи.

Окутуучу Абдиманнап кызы Азиза кыздардын гигиенасы, ден соолугу жөнүндө айтса, Мураталиева Миңгүл кыздарга телефонду туура пайдалануу боюнча кеп-кеңешин берди. Кыздардын арасында зордук-зомбулук, бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуу боюнча да айтылып, кыздарга жарашпаган жорук-жосундарга да токтолушту.

Иш-чарада окуу жайдын Кыздар кеңешинин төрайымы шайланды.


  • Автор: admin
  • Создано: Март 29th, 2023
  • Просмотрено: 883
Alexa Seleno
@alexaseleno