Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Goodness is not left on the ground

Nooruz — жаз алып келген «Жаңы күн» майрамы.


Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,

Мына бүгүн күн менен түн тенелет.

Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,

Жер энебиз бир калыпта термелет.

 

Көп жашап, көптү билген калкыбыздын кутман карыларынын «Nooruz» тууралуу айткан сөздөрүнө көңүл бурсак, кыргыз элибизде байыртадан бери эле эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу, ага карай ар кандай даярдыктарды көрүү иштери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келгени тууралуу бизге маалым. Алардын берген маалыматтарына караганда, жаңы жылды тосуп, аны өз деңгээлинде өткөрүү ишаракеттерин «Жыл ажыратыш» деп коюшкан. Анда «Эски жыл ажырарда, жаңы жыл жалгады» деп айтылат. Бул күнү кыргыздар арчаны, чекендини күйгүзүп, үй ичин жана мал короожайын «Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди», «Жер жарылып, чөп чык, желин айрылып, сүт чык» деп аласташкан. Ошондой эле адамдар бири бирине жаңы жылдык жакшы каалоолорун билдиришкен, сый белектерин тартуулашкан.

21.03.2019-жылы Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун жалпы жамааты жана студенттер менен биргеликте «Нооруз» майрамын белгилешти. Концерттик программа жана атайын студенттерге даярдалган тамак-аш уюштурулду. Институтка келген коноктор, студенттер өздөрүнүн каалоо тилектерин айтышып, Билим берүү тармагында эн алдынкы катарды толуктаган окуу жайлардан болушун айтышты.

 

Уюштуруу жана тарбия иштери боюнча

проректор

К.Б. Жаникулов


  • Author: admin
  • Created: Март 26th, 2019
  • Viewed: 2647
Alexa Seleno
@alexaseleno