Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Жакшылык жерде калбайт

ОКУТУУЧУЛАР МАСТЕР-КЛАСС ӨТҮШТҮ


17-ноябрда Damas International отелинде “Кыргыз Республикасынын инновациялык өнүгүүсү үчүн маалыматтык ресурстар жана технологиялар” аттуу улуттук форум өтүп, ага институттун окутуучулары, студенттери катышып, мастер-класс өтүштү.

Форумга маалыматтык технологиялар, менеджмент жана укук кафедрасынын окутуучулары – А.Бектурова жана Турдукожо кызы Н., педагогика жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучусу А.Турусбекова катышып, «Дүйнөнүн алдыңкы басмаканаларынын электрондук илимий-билим берүүчүлүк ресурстары жана аларды жогорку окуу жайларда, илимий борборлордо пайдалануу чеберчилик классынын катышуучусу» деген темада мастер-класс өтүп, сертификатка ээ болушту.

Форумдун максаты Кыргыз Республикасынын илимине жана билим берүү тармагына маалыматтык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жогорку рейтингдеги эл аралык журналдарда алардын жарыялоо активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

 

 

 


  • Автор: admin
  • Создано: Ноябрь 21st, 2022
  • Просмотрено: 482
Alexa Seleno
@alexaseleno