Institute of Modern Information Technologies in Education

Don't get tired of doing good - Жакшылык жерде калбайт

ПАЙДАЛУУ ЛЕКЦИЯ


“Дем Нур” медициналык борборунун практик дарыгери, Кыргыз Республикасынын белгилүү наркологу Омуралиев Шайлообек Акматович студенттерге “Стресс жана химиялык көз карандылык оорусу” аттуу темада лекция окуп берди.

Лекция алдында Президентибиздин тил саясаты боюнча чыгарган буйругунун негизинде дарс кыргыз тилинде окуларын айтып, мамлекеттик тилде азыркы күндө биздин мамлекетте да актуалдуу проблемалардын бирине айланып бара жаткан аракечтик темасын кенен ачып берди. Коомдун көйгөйүнө айланган оору катары, жеке жабыркаган адамдын айланасындагылар эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин саясаты, алдыга койгон иш планы болуш керектигин, адамдардын аң сезими өнүкмөйүн бул маселе күндөн күнгө курчуп, эртеңки келечектин ээлери болгон жаш муунду да азгырып баратканы өкүндүрбөй койбойт.

Лекция дарылоо иши бөлүмүнүн окутуучусу Д.Белибаеванын 1-курсттун, фармация адистигин студенттери менен 2022-жылдын 20-ноябырынан баштап өткөрүп жаткан бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күрөшүү айында “Өзүңөн башта” аттуу акциясынын жыйынтыкталышы менен аяктады. Акцияга катышкан активдүү студенттер чылым чегүү организмге кандай терс таасирлерди берерин, кандай өзгөрүүлөргө алып келерин демонстрациялашты жана чың ден соолукта жашоого чакырып, флешмоб менен жыйынтыкташты.

Ж.Бейшенбекова, дарылоо иши жана акушердик иш бөлүмүнүн башчысы


  • Автор: admin
  • Создано: Декабрь 13th, 2022
  • Просмотрено: 506
Alexa Seleno
@alexaseleno