билим берүүдѳгү заманбап информациялык технологиялар институту

Жакшылык жерде калбайт - Не уставайте делать добро

Педагогика илими студенттердин көз карашы менен


2020-жылдын 12-мартында ББЗИТИде «Педагогика илими студенттердин көз карашы менен» аттуу жогорку окуу жайлар арасында студенттик илимий-практикалык конференция болуп ѳттү. Конференцияга К.Карасаев атындагы БМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун жана ББЗИТИнин «Педагогика» багытындагы студенттери катышты.

Конференцияны ББЗИТИнин ректору, э.и.д., профессор Б.Х.Кубаев ачып берди. Студенттер кызыктуу баяндамаларды жасашып, кызуу талкууга түшүштү. Жыйынтыгында студенттер төмөнкү орундарга ээ болушту:

Биринчи орун, К.Карасаев атындагы БМУнун студенти М.С.Раимбекова, жетекчиси: педагогика илимдеринин кандитаты Жумагулова Г.А. Докладдын темасы: “Педагогикадагы ѳспүрүмдѳрдүн жана жаштардын жыныстык жактан туура тарбия алуусу”.

Экинчи орун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенти К.Турганова, жетекчиси: педагогика илимдеринин кандитаты Куканова М.А. Докладдын темасы “Башталгыч мектептерде орус тилинин тексттери менен иштөө”.

Үчүнчү орун, ББЗИТИнин студенти Каныбек кызы Чолпонай, жетекчиси: ага окутуучу Джудамишева Б.К. Докладдын темасы “Педагогикалык конфликт”.

photo-2020-04-08-14-21-42

 

Катышуучуларга дипломдорду ю.и.д., профессор М.К.Саякова тапшырды.


  • Автор: admin
  • Создано: Апрель 8th, 2020
  • Просмотрено: 1687
Alexa Seleno
@alexaseleno